«Анадолу»: Орхан Инанды 21 жылга кесилди

Анкаранын (Түркия) жазык иштери боюнча Жогорку соту «Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инандыны 21-жылга эркининен ажыратты. Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта Инанды «куралдуу террористтик уюмду жетектөө» айыбы боюнча күнөлүү деп табылганы белгиленет. 

Инандынын уурдалышы

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында митингге чыгышып, Инанды ал жерде кармалып жатат деп шекшип, элчиликти тинтүүнү талап кылышкан.

1 -июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күч жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан. Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

**ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган.

8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ФЕТО тууралуу сөз кылып, Кыргызстанда «башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керектигин» билдирген, бирок ошол эле маалда Кыргызстанда бул уюмдун мүчөлөрү бир да мыйзамсыз иштерге аралашканы байкалбаганын белгилеген.

Дагы окууңуз:

Түркиянын атайын кызматы Орхан Инандыдан сырткары дагы кимдерди өлкөсүнө алып келди?