Кемпир-Абад ишинин фигуранттары тергөөчүнүн үстүнөн Башкы прокуратурага арызданышты

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси улан Жапековдун үстүнөн арызданып, Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, тергөөчү айыпталуучуларды мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлап жатат.

«Айыптоочу акттын көчүрмөсү алынгандыгы тууралуу кадимки эле тилкаттын ордуна айыптоочу акттагы маалыматтарды эч кимге жайбоо жөнүндө тилкат берүүгө мажбур кылышууда. Улан Жапеков далилдердин кудурети жоктугун жана айыптар жөн жерден токулганын жашыруу үчүн гана ушундай аракеттерге барып жатат», — деп жазды ал.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Иштин фигуранттарынын бир бөлүгү дагы деле Бишкектин ТИЗО-1де отурат, калган бир бөлүгү үй камагына чыгарылган.