«Министрлик каршы». Моргенштерн Бишкектеги фестивалга катышпайт

Орусиялык артист Моргенштерн Маданият министрлигинин талабы боюнча Бишкектеги Alga Fest’ке катышпайт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары инстаграм барагында билдирип, 23-24-июнда Alga Fest Моргенштернсиз өтөөрүн белгилешти.

Ошондой эле алар маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон катты жарыялашты, анда министрлик Моргенштерндин Бишкекте ырдашына каршы экени айтылат.

Маданият министрлигинин Alga Fest’тин уюштуруучуларына жиберген каты. Инстаграмдагы стористин скриншоту.

Катта министрлик «Маданият жөнүндөгү» мыйзамдын 9-беренесине таянганы белгиленген. Анда «Согушту, зордук-зомбулукту, расалык, улутчулдук, диний касташууну, порнографияны пропагандалоого багытталган чыгармачылык иштин жыйынтыктарын сатып өткөрүүгө Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салат» деп жазылган.

«Министрлик маданият тармагындагы иштерди өнүктүрүү укугунун чегинде коомдук аң-сезимге карама-каршы келген маданий иш-чараларды өткөрүүгө каршы, ал эми орусиялык артист А.Т. Моргенштерн жана башка аристтердин аткаруусундагы чыгармалары элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына карама-каршы келет», — деп айтылат катта.

Фестиваль коркунучта

Alga Fest’тин уюштуруучуларынын айтымында, Моргенштерндин фестивалга катышуусун жокко чыгарууга аргасыз кылышкан. Алар фестиваль да коркунуч алдында экенин белгилешти.

«Фестивалды өткөрүүгө колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Бирок жакында эле Алишер Моргенштерндин аткаруусуна каршы болгон активисттер нааразылык акциясын демилгелеп, уюштурду. Акыркы бир жумадан бери биздин уюмга жана артисттерге күн сайын коркутуулар жазылган билдирүүлөрдү жөнөтүп, чалып жатышат», — дешти алар.

Уюштуруучулар өз ишмердүүлүгүн таза жана ачык жүргүзүп, бардык салыктарды төлөп, эч кандай мыйзам бузушпаганын кошумчалашты.

«Бизге чет элдик артисттердин келиши абдан маанилүү жана өлкөдө концерттик ишмердүүлүк маданиятын өнүктүрүшүбүз керек. Биз мунун бизге эч ким келбей турган окуя болуп калышын каалабайбыз», — дешти уюштуруучулар.

16-июнда Моргенштерн тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында да талкууланды. Бир нече депутаттар анын Бишкекке келгенине каршы болуп, орусиялык артист «жаштарга терс таасирин тийгизет» деген пикирлерин айтышты.

Алишер Моргенштерн — Орусиянын «чет элдик агенттер» тизмесине кирген артист жана рэпер. 5-июнда артисттин телеграм каналындагы билдирүүлөрүнө маркировка белгисин койбогону үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтылган.

Артист Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин баңгизат сатуу боюнча айыптоосунан кийин Орусиядан чыгып кеткен. Учурда Моргенштерндин Бириккен Араб Эмираттарында экени айтылат.