Астана: Куралчан киши банктагыларды барымтага алып, полиция аларды бошотту

Казакстандын полициясы Астана шаарындагы банкта барамтага алган кишилерди бошотуп жаткан учур. Сүрөт интернеттен алынды.

Казакстандын полициясы Астана шаарындагы Kaspi банкында куралчан адам барымтага алган кишилерди бошотту. Ал эми шектүү колго түштү. Бул тууралуу 18-майда коңшу өлкөнүн полиция кызматынан кабарлашты.

«Аскердик операция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бардык кызматкерлер сыртка чыгарылды. Баскынчы куралсыздандырылды. Барымтага алынгандар да, шектүү да жабыркаган жок», — деп белгилешти полициядан.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар барымтага алынган жети кыз жана бир кароолчу банктын кызматкери экенин жазган. Шектүү банктын активиндеги бардык акчаны майыптарга, колунда жок муктаждарга, жетим-жесирлерге которууну талап кылып, бул үчүн үч саат берген.

Кийин шектүүнүн аты-жөнү Алихан Мурадов экени аныкталып, анын аталган банкта кредити бар экени кабарланган. 

Операция учурунда банктын айланасы курчоого алынып, имаратта жашаган тургундар батирлеринен чыгарылган.