Кыргызстандын «Элкарт» системасы Орусияда 2024-жылы ишке киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандын «Элкарт» улуттук төлөм системасы Орусияда 2024-жылы ишке киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиевге таянып жазды.

«Азыр бул боюнча катуу иш алып барып жатабыз. Жылдын аймагы менен, азыр өз ара макулдашуу гана калды, калган нерселердин баары даяр», — деди ал.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда «Элкарт» карталары (57,4%), эң көп колдонулат, ал эми эл аралык системалар секторунда Visa карталары (39,1%).

Орусия Украинага кол салганынан кийин Кыргызстандагы бир катар банктар орусиялык «Мир» карталары менен кызматташуудан баш тартты. Айрымдары мындай чечимди батыш өлкөлөрүнүн экинчи даражадагы санкциясына кабылуу коркунучу менен түшүндүрүштү.

2022-жылы сентябрдын ортосунда АКШнын Каржы министрлиги «Мир» операторунун Улуттук төлөм карт системасы (УТКС) менен иштешкендер экинчи даражадагы санкцияга кабыларын эскерткен. Министрлик аталган төлөм системасы менен келишим түзгөн каржы институттары «АКШнын санкцияларын буйтап өтүү боюнча Орусиянын аракетине колдоо көрсөтүүдө» деген тобокелдиктерге кабыларын белгилеген.

Билдирүүдө улуттук төлөм карта системасынын өзү санкциялык тизмеде жок экени такталган. Бирок анын башкы директору Владимир Комлев АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына кабылган.

Орусияга карата санкциялар Украинага толук масштабдуу кол салуусуна жооп катары киргизилген. Ошондон соң көп өлкөнүн банктары «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тарта баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук банк: «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тартуу директоруна карата санкцияларга байланыштуу