Быйыл Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет

Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болуп, 27-июнь арапа күнү болот. Ал эми 28-июнда Курман айт майрамдалат.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң, ажылык зыяраттын аягында болот. Орозо айт 21-апрелде белгиленген.

Быйылкы ажылык сапар 12-июнда башталып, баасы кыргызстандыктар үчүн 3900 долларды түзгөн. Сауд Арабиясы быйыл Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Муфтият: Ажылык сапардын жалпы чыгымы 3900 доллар деп бааланды