Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун 90%ы алынды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын пляждарындагы пансионаттардын тосмолорунун 90 пайызы алынды. Бул тууралуу 19-июнда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Тосмолор төмөнкү пансонаттар менен санаторийлердин плаяждарында алынганы белгиленет: «Карвен Иссык-Көл», «Аврора», «Аврора Плюс», Costa Brava, «Ак-Данис», «АВЭ-Ысык-Көл», «МАК», «Лазурный», «Меридиан», «Радуга», «Ак-Марал», Chaika Resort, Royal Beach, Botany Beach жана «Дилором».

Мурдараак президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндөгү» 2022-жылдын май айындагы жарлыгына өзгөртүү киргизген жарлыкка кол койгон.

Жаңы түзөтүүдө мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолорду (дубалдарды, торлорду, темир тосмолорду) бузууну, ошондой эле мындан ары жаңысын курууга тыюу салууну тапшырган.

Президенттин жарлыгы чыккандан кийин ЖМКда пансионаттардагы коттеждердин жана башка объектилердин ээлеринин кайрылуулары пайда болгон. Алар пансионаттардын баары пляждардан тосмолорду алууга милдеттендирилгенине нааразы болушкан. 

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев президенттин жарлыгы «эки анжы ой» калтырарын айткан. Эл өкүлү мындан улам пансионат ээлери пляждын тазалыгын жакшы карабай калышы мүмкүн деп эсептейт. Мындан тышкары, ал бул маселеде тандалмалык болбошу керек деп белгилеген.