Мындан ары унааларды кайра каттоо жубайлардын макулдугу менен ишке ашырылат

Мындан ары Кыргызстанда транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууда сөзсүз түрдө жубайлардын макулдугу талап кылынат. Бул тууралуу 20-июнда «Унаа» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам 2024-жылдын 3-июлунан тарта ишке кирет.

Мекемеден жубайлардын никеге турганда сатып алган мүлкү, анын ичинде транспорт каражаттары биргелешкен мүлк болуп эсептелерин үй-бүлө кодексине таянып билдиришти. Ага ылайык, жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө алардын өз ара макулдугу менен ишке ашат.

Эгерде кыймылдуу мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги болуп саналса же биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүү мурдараак жүргүзүлсө, же болбосо ажыратуучу жак никеде турбаса, жубайынын макулдугу талап кылынбайт.