Шопоков: Мунай сактаган жайда чыккан өрттөн төрт адам жабыркаганы кабарланды

Бишкектен алыс эмес жайгашкан Шопоков шаарындагы мунай сактаган жайда чыккан өрттөн төрт адам жабыркады. Бул маалыматты 20-июнда Чүй облусундагы саламаттык сактоо бөлүмүнүн координатору билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган төрт киши ар кандай даражадагы күйүк менен Сокулуктагы ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө.

Кырсык болгон жерге Бишкектен дарыгерлер бригадасы жөнөтүлдү. Жеринде жалпы үч тез жардам кызматы иш алып барууда.

ӨКМден 16:00 чамасында Шопоков шаарындагы мунай сайтоочу жайда өрт чыкканын кабарлашкан. Азыркы учурда тилсиз жоо чектөөгө алынып, өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө.

Өрттү өчүрүүгө министрликтин үч бөлүмү жана Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ тартылды. Мындан тышкары «Кыргыз Темир Жолу» ишканасы өрт өчүрүүчү поезд жөнөттү.

Ал арада соцтүйүнгө окуянын видеолору жарыяланды. Тасмадан өрт мунай базасынын аймагындагы темир жолду бойлоп жайылганын жана базага жакын жердеги унаалардын күйүп жатканын көрүүгө болот.