Токмокто карындашына ыдык көрсөткөнү үчүн айдоочуну аткан киши үч жылга кесилди

Чүй райондук соту 2022-жылы жайында карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну аткан кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу 19-июнда адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, сот өндүрүшүндө иш «Бейбаштык максатта адам өлтүрүү» беренеси менен каралган. Бирок күбөлөр сотто сурак берип, психологиялык экпертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин айыпталуучунун аракеттери «Аффект абалында адам өлтүрүү» беренесине квалификацияланган.

«Ага [айыпталуучуга] үч жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты, жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт», — деп жазды Абакиров.

Ыдыктан улам киши өлтүрүү

Карындашына ыдык көрсөткөнү үчүн киши өлтүргөн окуя 2022-жылдын июль айында Токмок шаарына жакын жерде болгон. Милициянын маалыматына ылайык, окуядан улам кармалган киши айдоочуну анын карындашына ыдык көрсөткөнү үчүн аткан. Жабырлануучу окуя болгон жерде жан берген.

Милиционерлер ошол күнү анын карындашы Токмокко жакын жердеги аялдаманын биринен бирдей багытка бараткан айдоочунун унаасына отурганын аныкташкан.

Андан кийин айдоочу ага ыдык көрсөтө баштап, аял машинадан чыгып, агасына телефон чалып, коркунучка кабылганын билдиргенге үлгүргөн.

Жабырлануучу ошол учурда жүргүнчүлөрдү түшүрүп жаткан баша унаага отурган.

Чүй ОИИБнин маалыматына ылайык, берки айдоочу кыз отурган экинчи унааны кууп жетип, жолун тороп токтогон. Андан кийин, милициядан белгилешкендей, ал күч колдонуп, кызды чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда жабырлануучунун агасы келип калып, карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанчасы менен аткан.