«Карындашын коргоп адам өлтүрдү» делген киши эки айга ТИЗО-1ге камакка алынды

Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектелген Сухраб Жумакулов Чүй райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бул маалыматты «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Жумакуловдун жактоочусу Эркин Ирискулбеков «Азатыкка» курган маегинде соттун чечимин мыйзамсыз деп белгиледи.

«Биринчиден, бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткен. Бул жерде “Жазык-процессуалдык кодекстин” нормалары одоно бузулган. Экинчиден, сот жеңилирээк бөгөт чарасын аныктаса болмок. Себеби Сухраб Жумакулов мурда эч качан жоопко тартылган эмес, соттолгон эмес, жүрүм-туруму моралдык жактан таза адам. Анын туруктуу жашаган жери аныкталган. Качып кетет же тергөөгө тоскоолдук жаратат деген далилдер келтирилген жок», — деди ал.

Ирискулбеков райондук соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берерин кошумчалады.

Буга чейин Башкы прокуратура менен Акыйкатчы институту «карындашын коргойм» деп адам өлтүрүүгө шектелген жарандын ишин жеке көзөмөлүнө алган.

Прокуратуранын басма сөз кызматы кылмыш иши иликтенип жатканын белгилеп, шектүүгө психолого-психиатриялык экспертиза дайындалганын билдиришкен.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абрахматова Фейсбук барагына ок чыгарган адам аффект абалда болушу мүмкүн экенин жазган. Ал кармалган шектүүнүн карындашынан арыз алынарын кошумчалаган.

«ИИМден тез арада тиешелүү экспертиза дайындоону өтүндүк. Бул нерсе иш үчүн абдан маанилүү, бирок көп учурда эске алынбайт. Окуя боюнча ишибизди улантабыз», — деген ал.

Эмне болду эле?

Шектүү. Сүрөт: Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 1-июлда Токмок шаарына жакын жерде 36 жаштагы Сухраб Жаманкулов аттуу адам «карындашын коргоп», 47 жаштагы кишини газ-травматикалык тапанча менен атып салганын маалымдаган. Киши тез жардам унаасында каза болгон.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен 33 жаштагы айым Токмок шаарынан унаага отурган. Айдоочу ага ыдык көрсөтүүгө аракет кылганда, аял агасына телефон чалып, башка унаага түшүп кеткен. Бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда аялдын агасы барып, ок чыгарган.

Ошол эле күнү ыдыкка кабылган айым Истаграм барагына билдирүү жасап, окуянын чоо-жайын ыйлап айтып берген. Ал коомчулуктан колдоосуна муктаж экенин билдирген. Бул факты «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталган.