Ош: Мэрия «мыйзамсыз» саткан 20 млн сомдук жер кайтарылды

Ош шаардык мэриясы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаарынын мэриясы жеке тарапка «мыйзамсыз» сатып жиберген 20 млн 200 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 20-июнда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, мэрия 404 чарчы метр жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн мыйзамсыз сатып, анын негизинде жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилгени аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасынын сот органдарына келтирген доо арыздары канааттандырылып, аталган жер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратадан «Клоопко» 21-июнда бул иш боюнча мэриянын тиешелүү кызмат адамдары 2012-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганын белгилешти. 

Буга чейин, 29-мартта, Жалал-Абад обулусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мирланбек Калмаматов 6 гектар жерди акчалай сыйлык үчүн менчикке мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган. Учурда териштирүү жүрүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Сузак: Архитектура башкармалыгынын кызматкери жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды