Улуттук банк «ислам» кредиттик жана дебеттик карталарын чыгарууга уруксат берди

Кыргызстандын ислам принциптери менен иштеген банктарына кредиттик жана дебеттик карталарды чыгарууга уруксат берилди. Бул тууралуу 20-июнда Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомду Башкы банктын башкармалыгы 14-июнда кабыл алган, ал жарыяланган убактан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомдун тиркемесинде алынган каржылоо боюнча талап кылынган сумма өз убагында төлөнбөгөн учурда банктар пайыздык төлөмдөрдү эсептебей турганы айтылат. Ошондой эле банк кардардын «ислам» картасы байланган банктык эсебиндеги акча каражаттарына пайыздык төлөмдөрдү алууга укугу жок.

Мындан тышкары, кардар «ислам» картасын шариат стандарттарында тыюу салынган максаттарда колдоно албайт. Бул шарт бузулган учурда банк карта бөгөттөй алат.

Банк ошондой эле картанын ээсине мейманканада, авиакаттамдарда, ресторандарда жана башкаларда алдын ала орун ээлеп коюу укугу сыяктуу шариат стандарттарында тыюу салынбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу. Бирок банктын картан ээсине өмүрдү камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу шарият стандарттарында тыюу салынган артыкчылыктарды берүүгө укугу жок.

Шариат стандарттары — бул банктык операцияларынын исламга ылайык эрежелери. Аларды исламга ылайык каржы кызматтарын сунуштаган каржы-кредиттик уюмдары үчүн AAOIFI жана IFSB (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму, Ислам финансылык кызматтар кеңеши) сыяктуу эл аралык уюмдар иштеп чыгып, бекитишет. Кыргызстанда шариат стандарттары мыйзамдар менен таанылган.

Башкы сүрөт: Иллюстрация.