Адвокат: Равшан Жээнбековдун аялынын саламаттыгы начарлап жатат

Учурда УКМКнын тергөө изоляторундагы Салкынай Алимбаеванын саламаттыгы начарлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди

Анын айтымында, Алимбаева өнөкөт оорулары күчөгөп кеткендиктен компьютердик томографиядан өтүшү керек. Убалиева кардарын медициналык текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчүн келтиргенин маалымдады.

Адвокат Алимбаевага туугандарын жолуктурбай жатышканын дагы кошумчалады. 

Алимбаева кармалганы үстүбүздөгү жылдын 25-майында белгилүү болгон. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, ал УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин ТИЗОго киргизилген. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-июлга чейин камакка алууну чечкен.

Алимбаевага «коррупция» беренеси менен айып тагылганы айтылган. Анткен менен, атайын кызмат азыркыга чейин Алимбаеванын иши боюнча расмий маалымат бере элек. 

Адвокат Гуляна Убалиева 2-июнга караган түнү Алимбаева тергөө абагында эс-учун жоготуп, саламаттыгы начарлаганын билдирген. Ошондой эле жактоочу Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин айткан.  

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Жээнбеков – оппозициялык саясатчы жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Иш боюнча кармалгандардын бир бөлүгү, анын ичинде Жээнбеков өзү да дагы деле Бишкектин №1 тергөө абагында отурат