«Абакта эс учун жоготту». Равшан Жээнбековдун аялынын ден соолугу начарлап жатканы айтылды

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын ден соолугу начарлап жатат. Бул тууралуу жактоочусу Гуляна Убалиева билдирди.

Анын айтымында, 2-июнга караган түнү саат 04:00 чамасында Алимбаева УКМКнын ТИЗОсунда эс-учун жоготкон.

«Анын өтүндө таш бар. Кармалганга чейин операция жасатышы керек болчу. Дарыгери ага ташты алып, тажрыйбалуу хирург таап берем деп убада кылган. Үч жолу операция болгон. Кечинде эсин жоготуп, жыгылды. Ага биринчи жолу келгенимде, чыга албады. Дарыгер менен сүйлөшө алган жокмун. Ага жолуктуруун талап кылып, кандай абалда экенин өз көзүм менен көрүшүм керек болчу. [...] Абдан алсыз, дайыма башы ооруйт, талып жыгылат», — деди ал.

Ошондой эле жактоочу Алимбаеванын кызы таежесиникинде экенин айтып, «депрессияга түшүп, эч кимди жолотпой, эч ким менен сүйлөшпөй, анын да абалы өтө оор» деп белигледи.

Убалиева Алимбаеваны камакта калтыруу тууралуу Биринчи май райондук сотуунун чечими боюнча шаардык сотко апелляциялык арыз беришкенин кошумчалады.

Салкынай Алимбаеванын кармалышы

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК тарабынан кармалган. Уулу Азат Равшан апасын күч менен алып кетишкенин, 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын кабарлаган.

Алимбаеванын адвокаты ал түшкө жакын атайын кызматка кирип, сегиз саат сурак бергенин, жактоочу менен жолугууга мүмкүндүк берилбегенин билдирген.

Ал сегиз саат сурактан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылган. 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алууну чечкен. Ага «коррупция» боюнча айып тагылууда. Бирок Алимбаева сот залынан чыгарып баратып «күнөөсү жок» экенин айткан.

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.