Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакка алдынды 

Бишкектин биринчи май райондук соту 26-майда оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды

Белгилүү болгондой, отурумда Алимбаеваны камакка алуу тууралуу өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирди. 

Анын адвокаты Разак Ашимбаевдин айтымында, Алимбаевага коррупция боюнча айып тагылууда. 

«Иштин маңызы муниципалдык жер участкасына байланыштуу. Жер сатууга тиешеси бар деген айып угузулду, биз муну менен макул эмеспиз. Камакка алуу бөгөт чарасын Бишкек шаардык сотуна даттанабыз», — деп билдирди жактоочу. 

Өз кезегинде Алимбаева сот залынан чыгарып кетип жатканда, журналисттерге «күнөөсү жок» экенин айтууга үлгүрдү. 

Сегиз саат сурак берди    

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК тарабынан кармалган.  

Адвокаты Алимбаева түшкө жакын атайын кызматка сурак бергени кирип, сегиз саат сурак бергенин билдирген. Аны менен катар адвокат менен жолугууга мүмкүндүк берилбегенин, өзү кечинде гана укканын кошумчалаган. . 

Салкынай Алимбаева сегиз саат сурактан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы жазган.  

Ал эми Жээнбеков менен Алимбаеванын уулу Азат Равшан фейсбук барагына апасын күч менен алып кетишкенин, 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын кабарлаган

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон. 

Оппозициячыл саясатчы Ленин районунан парламенттик шайлоого катышууда. Добуш берүү 28-майда өтөт.