«Түркмөнстанда да жок». Жээнбеков президенттен үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков президенттен үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Анын жубайы Салкынай Алимбаеванын камакка алынганы боюнча кайрылуусу соцтармактарга 26-майда жарыяланды.

Равшан Жээнбековдун каты.

«Менин үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды куугунтуктоо, камоо үч жылдан бери уланууда. Баары камалып бүтүштү. Саясий оппонентиңизди куугунтуктоо бир, ал эми анын жакындарын куугунтуктоо эч убакта сизге кадыр-барк алып келбейт. Саясий маданиятка туура келбейт. Мындай көрүнүш Тажикстан менен Түркмөнстанда да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды куугунтуктоону токтотуңуз», — деп жазылат кайрылууда.

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын уулу Азат Равшан апасын күч менен алып кетишкенин, 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын кабарлаган.

Адвокаты Алимбаева түшкө жакын атайын кызматка кирип, сегиз саат сурак бергенин билдирген. Аны менен катар, жактоочу менен жолугууга мүмкүндүк берилген эмес.

Салкынай Алимбаева сегиз саат сурактан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылган. 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алууну чечкен. Ага коррупция боюнча айып тагылууда. Бирок Алимбаева сот залынан чыгарып баратып «күнөөсү жок» экенин айткан.

Ал эми Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.

Оппозициячыл саясатчы Ленин районунан парламенттик шайлоого катышууда. Добуш берүү 28-майда өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакка алдынды