«Ырайым кылгыла». Равшан Жээнбековдун кайненеси президент менен УКМКнын төрагасына кайрылды

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун кайненеси Рахима Алимбаева президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал кызы Салкынай Алимбаева менен күйө баласын бошотууну өтүндү.

«90 жашка келип балдарымдын жакшылыгын көрөм го дегенде, минтип ыйлап калдым, балам. Күйө балам Равшанымды камадың, кийин кызымды да камадың. Мынчалык эмне болду? Кыргызда мындай жашоо жок эле го, балам.  Кызы жалгыз калды, бүгүн туулган күнү. Ыйлап, эти ысып, таң аткыча уктабай чыкты. Жанында мен ыйлап отурдум», — деп көзүнө жаш алды ал.

Алимбаева кызы саясатка аралашпаганын белгилеп, «төрт баланын апасы болуп жүргөн» деп кошумчалады.

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын уулу Азат Равшан апасын күч менен алып кетишкенин, 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын кабарлаган. Равшан Жээнбеков прездиентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

Алимбаеванын адвокаты ал түшкө жакын атайын кызматка кирип, сегиз саат сурак бергенин, жактоочу менен жолугууга мүмкүндүк берилбегенин билдирген.

Ал сегиз саат сурактан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылган. 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алууну чечкен. Ага «коррупция» боюнча айып тагылууда. Бирок Алимбаева сот залынан чыгарып баратып «күнөөсү жок» экенин айткан.

Ал эми Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түркмөнстанда да жок». Жээнбеков президенттен үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды