Финансы министрлиги «Кыргызфармацияга» 1 млрд сом бөлдү

Финансы министрлиги «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын каржылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд сом бөлдү. Бул тууралуу 23-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражат дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында бөлүнгөнү белгиленет.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы март айынын аягында түзүлгөн. Ишкана түзүлгөндөн кийин дары-дармектерди компаниялардын түз сатып алууга жол ачылары айтылган.

16-июнда президент Садыр Жапаров Финансы, Саламаттык сактоо министрликтеринин жана ФОМСтун жетекчилигин «Кыргызфармацияга» керектүү каражатты бөлүп бере электиги үчүн сындаган. Ал үч мекемени ишканын «нормалдуу иш башташына тоскоолдук кылууда», ошондуктан дары-дармекти арзан баада сатып алууга мүмкүн болбой жатат деп айыптаган.

Анда президент аларга бир жуманын ичинде 1 млрд сом бөлүп берүүнү тапшырып, эгер тапшырма аткарылбаса тартиптик мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөрүн белгилеген.