«Вагнер тобунун» башчысы Лукашенко менен сүйлөшүүдөн кийин Москвага жүрүшүн токтотту

«Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлер Москвага 200 чакырым жетпей токтогонун жана артка кайтканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-июнда кечке жуук аудио кайрылуусунда айтты.

«Азыр кан төгүлө турчу учурга келип калдык. Ошондуктан биз кайсы бир тараптан орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз», — деди ал.

Пригожиндин кайрылуусу Беларустун президенти Александр Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыяланды. Бирок Пригожин кайрылууда ал тууралуу сөз кылган жок. 

Лукашенконун басма сөз кызматы сүйлөшүүлөр орус президенти Владимир Путин менен болгон макулдашылганын маалымдашкан.

«Ушул тапта үстөл үстүндө абалды жөнгө салуунун эң пайдалуу жана ыңгайлуу варианты "вагнерчилердин" коопсуздугун сактоо кепилдиги турат», — деп айталат билдирүүдө.

«Пригожинге карата козголгон иш токтотулат»

Ал арада Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн башчысы Евгений Пригожин менен «козголоңду токтотуу» боюнча келишим болгонун ырастады

Анын айтымында, Пригожинге карата «аскердик төңкөрүшкө чакырык» боюнча козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал Беларуска кетет. Козголоңго катышкан жалданма аскерлер куугунтукталбайт, ал эми колоннага кошулбаган аскерлердин айрымдары Коргоо министрлиги менен келишим түзөт.

Песков сүйлөшүүлөргө «Пригожин менен 20 жылдан ашык жеке тааныштыгы бар» беларус лидери Александр Лукашенко катышканын кошумчалады.

Орус өкмөтү менен «Вагнердин» ортосунда эмне болду?

Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик техника. Сүрөт: Эрик Романенко / ТАСС

23-июнь күнү аскердик түзүмдүн башчысы Евгений Пригожин орус куралдуу күчтөрү Вагнердин позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин айтып, буга орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.

Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети Пригожинге «аскердик төңкөрүшкө чакырык» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми президент Владимир Путин кайрылуу жасап, өлкөдөгү абалды «куралдуу көтөрүлүш», «чегинүү» жана «чыккынчылык» деп атаган.

Орусия учурда Украина менен согушуп жатат — орус армиясы Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган.

БУУнун 2023-жылдын 5-июнуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 8 983 жай тургун каза таап, 15 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.

Аталган согуштан онго жакын кыргызстандыктын сөөгү келген — алардын көпчүлүгү Орусиянын абактарында жаза өтөп жатып «Вагнердин» тузагына илингендер.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аскердик төңкөрүш». Орус өкмөтү менен «Вагнердин тобунун» ортосунда эмне болуп жатат?