Талас: 14 жаштагы өгөй кызын зордуктаган киши 15 жылга кесилди

Талас районунда 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого айыпталган 32 жаштагы тургун 15 жылга кесилди. Бул тууралуу 26-июнда «Клоопко» Талас облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүм Талас райондук соту тарабынан үстүбүздөгү жылы 15-майда чыгарылган. Айыпталуучу облустук сотко ап14еляциялык арыз менен кайрылды.

Буга чейин, 10-январда, Талас облустук милициясы Талас районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалганын билдирген

Милицияга жабырлануучу кыздын тагасы кайрылып, аны өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүргөнүн айтып берген.

Бул факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Алардын 55тен ашык учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көбүнесе зомбулук боюнча козголгон иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдар туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылат. Жапа чеккендердин үй-бүлөсү арыз жазууну чечсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Өткөн жылы 12-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду

«Кылмышты жашыруу токтоп калды» — Аширхожаев балдарга карата зомбулуктун өсүшү тууралуу