Талас: 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Талас районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу 10-январда «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 2-декабрда Жайыл районундагы Алтын айылынын 51 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 14 жаштагы жээнин Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган 32 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүргөнүн айтып берген.

Бул факты Жайыл райондук милициясына катоого алынып, кийин Талас райондук милициясына жөнөтүлгөн. 1-январда «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 20-январда шектүүнү кармап, Талас райондук соту аны эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын 8 айында эле балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көбүнесе зомбулук боюнча козголгон иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдар туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылат. Жапа чеккендердин үй-бүлөсү арыз жазууну чечсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

12-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн