ТИМ: Орусияда кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда мушташ чыкты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен Орусиянын Иркутск облусунун Жигаловск районундагы Ковыктинск газоконденсант кенинде кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда массалык мушташ чыкканын билдиришти. ТИМдин маалыматына ылайык, окуя 23-июнда болгон.

Мекемеден мушташка 500дөн ашык адам катышканын билдиришти.

«Кыргызстандын беш жараны ар кандай оордуктагы жаракаттарды алып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Бул окуя боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти министрликтен.

ТИМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн кыргыз элчилигинин консулу жөнөп кеткен. Мекемеден маселе Кыргызстан менен Орусиянын элчилигинин көзөмөлүндө экенин белгилешти.