УКМК: Бажы кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери жеке ишкерлерден опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 26-июнда УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип бажы кызматынын алдындагы «Автомобильный» түндүк-чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор кармалган.

«Кармалган адам мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Буга чейин, 13-июнда, Ош облусунда Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн бажы кызматынын эки инспектору жана ишкерлер кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды

Чүй: Прокуратуранын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жатканда кармалды