Чүй: Прокуратуранын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жатканда кармалды

Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 23-июнда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң доллар акча опузалаган.

Буга чейин, 14-июнда Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал өзү тергеп жаткан иш боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалаган.

Ал эми 19-апрелде Свердлов райондук прокурорунун улук жардамчысы 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жатканда кармалган. Шектүү Абдубали Борбугулов өзү тергеп жаткан соттук иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды

УКМК: Прокурордун улук жардамчысы 5 миң доллар пара алып жатканда кармалды

УКМК: Раззаков шаарында өзүн прокурор деп тааныштырып, авто унаа уурдаган жаран кармалды