Парламент күзгө чейин каникулга кетти

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары экинчи сессиядагы ишин аяктап, жайкы эс алууга кетишти.

Парламенттин эс алууга кетүү алдындагы акыркы сессиясы 29-июнда болуп, эл өкүлдөрү дээрлик 50 мыйзам долбоорун карашты.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев сессия жабылып жатканын жарыялап жатып, экинчи сессиянын жүрүшүндө 75 пленардык жыйын өткөрүлүп, анын экөө кезексиз болгонун билдирди. Аталган жыйындарда депутаттар 222 мыйзам долбоорун, жана 1394 токтомду кабыл алышкан.

Парламенттин экинчи сессиясынын акыркы жыйыны Кыргыз Республикасынын гимни менен жыйынтыкталды, аны Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестри аткарды.

Ушуну менен депутаттар ишке кайра сентябрда кайтып келишет.