Парламент өлкөдө полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июндагы жыйында Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүгө этабы менен тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Демилгени 72 депутат колдоп, бирөө каршы добуш берди.

Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген. Ал мыйзамдын долбоору полимер материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгилеген.

Мыйзам долбоору менен полимер материалдарынан жасалган бир жолу колдонулуучу таңгактоо баштыктарын киргизүү, өндүрүү жана сатууга тыюу киргизүү сунушталууда. 

Мыйзам долбооруна ылайык, быйылкы жайдан тартып Ысык-Көлдүн курорттук аймагында, ал эми 2027-жылдан тартып өлкө боюнча полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салынат.

Маматалиев поэтилен баштыктарын, мисалы, крахмал жана башка химиялык кошулмалар менен жасалган биологиялык жактан ажырап жок болуп кетүүчү материалдар менен алмаштырууну сунуштоодо.

«Бул сырьёлорду бизде толук түрдө колдонгонго мүмкүнчүлүктөр бар. Андай сырьелор коңшу өлкөлөрдө дагы бар. Мисалы, өзүбүздүн эле “Глобус” жана башка чоң гипермаркеттер ушундай эко баштыктарды чыгарып башташты. 1 сомго кымбатыраак болот экен, бирок бул экологияга кошкон салым болот», — деден ал тармактык комитттердин жыйындарынын биринде.

Буга чейин президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусунда жергиликтүү дүкөндөрдө кардарларга полиэтилен баштык берүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал эми минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасы менен минкаб акырындап полиэтилен баштыктан кагаз баштыктарга өтө турганын айткан.

Өлкөдө бир жолу колдонулуучу баштыктарды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу мурда дагы сунушталып келген. Маматалиев тийиштүү мыйзамды 2020-жылы дагы сунуштаган. Ушундай эле мыйзамдын долбоорлору 2018-жылы дагы сунушталган. Бирок бул сунуштар колдоо тапкан эмес болчу.