Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнда президент Садыр жапаров демилгелеген «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты

Мыйзамдын долбоорун 69 депутат колдоп, 2 эл өкүлү каршы добуш берди.

Мыйзамдын долбооруна киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү депутаттар экинчи окууда жактырышкан. Анда эл өкүлдөрү документтеги беренелердин санын 22ден 15ке чейин кыскартышкан. Ошондой эле делегаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү кыскартылган. 

Мыйзам долбооруна ылайык, Элдик Курултай 700 делегаттан турат, алар курултайдын жалпы жыйналышын өткөрүү мезгилине гана шайланат.

Мыйзам долбоорунун буга чейинки редакциясында делегаттарды бир жылдык мөөнөткө гана шайлоо сунушталган. Бирок 30-майда айрым депутаттар Элдик курултайдын делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыгышкан.

«Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору кабыл алына электигине карабастан өлкө бийлики былтыр ноябрь айында биринчи Элдик курултайды өткөргөн. Аны президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети ага чейин четке каккан болчу.  

Юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамысыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.

Өткөн жылдын декабрынын аягында депутат Адахан Мадумаров парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын атынан Конституциялык сотко кайрылган. Ал 25-26-ноябрда өткөн Курултай мыйзамсыз деп атап, эч ким аны өз жарлыгы менен чакырта албайт деген. Фракциянын кайрылуусу 14-августка чейин каралышы керек.