Бир видео менен: Садыр Жапаров суучулдар менен Ысык-Көлдү тазалады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн түбүн браконьердик торлордон тазалоого катышты. Бул тууралуу өлкө башчысы 29-июнда Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, ӨКМдин суучулдары марттан бери көлдөн 100 км балык кармоочу тор жана 6,8 тонна таштанды чыгарышкан. Президент бул торлордун көбү эски торлор экенин жана көлдүн түбүндө көп убакыт жатканын белгиледи.

«Аларга чалынып өлүп, чирип жаткан балыктар, өрдөктөр жана башкаларды көрүп зээниң кейийт. Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр. [...] Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат элем. Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели», — деп жазды ал.

Президент Соң-Көлдө да абал начар экенин кошумчалады. Ал аталган көл да катуу көзөмөлгө алынарын убадалады.

Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгабай кармоо маселеси актуалдуу. Ар башка эсептерге ылайык, мисалга, Бишкекте күн сайын 870тен 1000 тоннага жакын таштанды чогултулат.

Тема боюнча окуңуз: Күнүнө ондогон тонна. Бишкектиктер тамак-аштын таңгагын дароо ыргытат, бирок бир тобун кайра иштетсе болот