Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман шаарынын курулушуна капсула салды 

30-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман экологиялык таза шаарынын курулушун баштоо иш-чарасына катышып, капсула салды.   

Өлкө башчысы сүйлөгөн сөзүндө шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун артыраарын, ошондой эле каржылык хаб болорун белгиледи.   

«Шаардын курулушу бүтүп, ишке кирип кетсе, бүгүн “Кумтөр” экономиканы кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, бул шаар дагы так эле ошондой экономиканы алдыга сүйрөп кетет», — деп айтты Жапаров. 


Шаарды Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы Чырпыкты айылына салуу пландалып жатат.  

Көрсөтүлгөн роликтеги маалыматка ылайык, шаардын курулуш долбоорунда Асман төрт секторго бөлүнгөн:  

  • акылдуу — мектеп, колледж, мечит, жашыл технологиялар, электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялар, автоматташкан унаа токтотуучу жай системасы жана башка инфраструктуралык объектилер жайгашат; 
  • спорттук — спорттун ар башка түрү үчүн спорт аянтчаларын, жабык футбол стадиону менен гольф талаасын куруу пландалып жатат;
  • коммерциялык — банктар менен санарип компаниялары үчүн кеңселер жайгашат. Андан тышкары, шаардын бул бөлүгүндө эл аралык компаниялардын өкүлчүлүктөрү да болот. Ошондой эле бул жерде экспорт-импорттук операциялар да жүргүзүлөт;
  • көңүл ачуучу — соода борборлор, отелдер, кумаркана ошондой эле  люкс автосалондордун шоурумдары болот. 
Асман төрт секторго бөлүнөт. Түз алып берүүдөн скриншот. 

Шаарды кура турган компаниялардын өкүлдөрү билдиришкендей, Асманга дүйнөдөгү эң чоң мечит, ислам музейин, ири университеттер менен тез жүрүүчү поезд куруу көздөлүп жатат. Ошондой эле, Голливуд жана Болливуд жылдыздарын чакырылган тасмалардын съемкалары үчүн кино кыштагын салуу да пландалууда. 

Шаардын курулушун 7-10 жыл аралыгында бүткөрүү пландалып жатат. Долбоорду ишке ашырууга 20 млрд доллардын тегерегинде каражат керектелет. Шаар 500-700 миң туруктуу жашоочуга ылайыкталган.

Долбоордун автору жана Асман экошаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Руслан Акматалиевдин айтымында, шаардагы биринчи объектинин курулушун түштүк кореялык Promise Land компаниясы баштайт. Ал компания менен 1 млрд долларлык келишимге кол коюлганын билдирди. Promise Land компаниясы жалпысынан 10 млрд доллар салганга даяр. 

Компания 30 миң даана турак жай салууну пландап жатат, анда террасасы бар «элиталык» үйлөр, 10 жана 30 кабаттуу турак жай коммерциялык комплекстер, ошондой эле турак жайлардын башка түрлөрү да болот. 

Акматаливдин айтымында, азыркы тапта бир канча ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал инвесторлор канчалык Асман экошаарынын курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууга көбүрөөк кызыктар болсо, анын курулуш ошончолук тез бүтөрүн белгиледи.