Президент медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 2-июлда медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчысы «мамлекеттин эң негизги байлыгы — эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар» деп айтты.

Ал кызматкерлерге бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп жаткан эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирип, «өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер» деп атады.

«Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз» — деди ал.

Ошондой эле ал, «акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын» белгиледи.