Бийлик «Альфа Телекомду» (MEGA) кайра сатыкка койду. Ал 14 млрд сомго бааланууда

Бийлик MEGA («Альфа Телеком») уюлдук операторун кайрадан сатуу аракетин көрө баштады. Аукцион өткөрүү боюнча билдирүү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтында жарыяланды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын акцияларынын мамлекеттик үлүшүнүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сом. Электрондук аукциондо компаниянын 100% акциясын сатуу пландалууда.

Билдирүүлөрдү кабыл алуу 4-июлда башталып, 2023-жылдын 2-октябрына чейин созулат.

2014-жылы мамлекеттин менчигине өткөн уюлдук операторду бийлик бир топ жылдан бери эле сатууга аракет кылып, бирок андан майнап чыкпай келет.

Акыркы жолу компаниянын сатуу пландалып жатканын 2022-жылдын ноябрында Маммүлк фондунун ошол учурдагы башчысы Мирлан Бакиров билдирген. Анда Бакиров бийлик 2023-жылы «Альфа Телекомдон» башка дагы 30 мамлекеттик ишкананы сатууну кааларын кошумчалаган.

Бирок 2023-жылдын январында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) уюлдук оператору мамлекеттин карамагында каларын билдирген.

MegaCom (азыр MEGA) байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылы иштеп баштаган. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке келген убактылуу өкмөт өзүнүн декрети аркылуу компаниянын 49% акциясын улутташтырган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Бирок өлкө бийлиги компанияны же анын үлүшүн 2011-жылдан бери сатууга бериде ондон ашык жолу аракет кылган.

2017-жылы компания сатылайын деп калганда ошол убактагы бийлик бул идеядан баш тарткан. Ал убакта «Мегакомдун» башкы директору болуп турган Акылбек Жамангулов аны «саясий чечим» деп атаган.

«Компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100 пайыз мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания курууга аракеттенип жатабыз», — деген ал ошол учурда.

Жамангулов мындай чечимди президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алганын белгилеген.