Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-октябрга чейин узартылды

Бишкекте калаанын борборунда митингдерди өткөрүүгө коюлган тыюунун мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, сот аталган чектөөнү 29-июнга чейин узарткан Биринчи май райондук администрациясынын арызын каанааттандырган.

Төмөнкү жерлерде митингге чыгууга убактылуу болбойт:

  • Ала-Тоо аянты;
  • Эркиндик бульвары — Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттин жана Жогорку Кеңештин администрацияларынын алдында;
  • Панфилов атындагы паркта;
  • Турсунбаева атындагы скверде; 
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусия элчилигинин алдында; 
  • УКМКнын алдында.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.

Мурдараак адвокат Бактыбек Жумашев митинг өткөрүүгө тыюу салган райсоттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок анда шаардык сот анын доо арызын канааттандыруудан баш тартып, Жумашев Жогорку сотко кайрылган. Бирок жогорку инстанция дагы адвокаттын арызын канааттандырбай койгон.

Бишкектин борборук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө тыюу алгачкы ирет 2022-жылдын мартында киргизилген. Мындай чечимди Биринчи май РИИБи чыгарып, сот аны мыйзамдуу деп тапкан.

Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген.