Шаардык сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту адвокат Бактыбек Жумашевдин борбор калаада 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган райондук соттун чечими боюнча берген доо арызын канааттандырган жок.

Жумашевдин айтымында, соттук коллегия чечим кабыл алууда доо арыз мөөнөттүнөн кеч берилген деген жүйө келтирген. Адвокат муну шаардык соттун жөн эле шылтоосу деп эсептейт.

«Биринчи май райондук сотунун чечими тууралуу 3-апрель күнү кечке маал окуп, 4-апрелде эртең менен соттун кеңсесине чалып, чечимди сурагам. 5-апрелде 16:30да телефон чалышкан, жарым сааттан кийин документ колума тийген. 6-апрелде шаардык сотко апелляциялык арыз бергем», — дейт жактоочу.

Жумашев соттун митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими Конституцияны жана «Тынч чогулуштар жөнүндөгү» мыйзамды бузат деп белгиледи. Ал шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттанаарын кошумчалады.

Бишкектин борборук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө 2022-жылдын мартында тыюу салынган. Мындай чечимди Биринчи май РИИБи чыгарып, сот аны мыйзамдуу деп тапкан.

Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин «жөнсүз» деп атаган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде райондук сот митинг өткөрүүгө салынган тыюуну 1-июлга чейин узарткан.

Митинг өткөрүү Президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин, УКМКнын имаратынын алдында, ошондой эле Панфилов паркында, Турсунбаева атындагы гүлбакта, «Ала-Тоо» аянтында жана Эркиндик гүлбагында тыюу салынган.

Бул чектөөлөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тиешеси жок. Башка митинг же акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүүгө тийиш.