Кара-Суу: «Россия нефть» базасында өрт чыгып, эки адам жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районунда парламенттин депутаты Алишер Козуевдин үй-бүлөсүнө таандык «Россия нефть» базасында өрт чыгып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу 4-июлда ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 3-июлда саат 18:20да маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:01де толук өчүрүлгөн.

«Кырсыктын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистернасы күйгөн. Мындан сырткары 2 адам жаракат алып, ооруканага жиберилген» — деп жазылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтенип жатат.

2-июлда Оштогу «Боорукердик» үй-интернатынан да өрт чыгып 198 чарчы метр аянт күйүп, жараксыз абалга келген.

«Боорукердик» үйүндө жаш балдар үчүн өзүнчө, карыялар үчүн өзүнчө имарат бар. Өрт балдар жашаган үйдөн жеткинчектердин баары сыртта жүргөн убакта чыгып, эч ким жабыркаган эмес.