Ош: «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыкты, жабыркагандар жок

Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу 3-июлда ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү саат 19:36да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал эми 19:36да 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:50дө чектөөгө алынган өрт саат 21:11де толук өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон Ош шаардык "Боорукердик үйүнүн" 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок» — деп жазылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы айтылат.
Министрликтен 2-июль күнү өлкө боюнча 27 өрт кырсыгы катталып, 31 күжүрмөн тартылганын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шопоков: Мунай сактаган жайда чыккан өрттөн төрт адам жабыркаганы кабарланды

«Дордой» базарындагы «Кыргызстан» банкынын имаратында чыккан өрт өчүрүлдү