Жалаа жабат. Пропаганда кантип репрессияга кайдыгер болууга үндөйт?

«Сизге жалаа жабыла элекпи? Анда, кезек сизде», — деп шымаланып депутаттар кезектеги жолу «чет элдик тыңчылар» делген мыйзамды кабыл алууну сунушташты. Жала жабуунун эмне кереги бар? Кыскача айтсак, жакпагандарды жазасыз куугункташ үчүн керек. Ал эми кененирээк азыр айтып беребиз.