Бишкекте Кытайлык дарыгерлер аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт

Кытайдын Нанкин медициналык университетинин адистери Бишкекте 6-июлдан баштап 13-июлга чейин аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу 5-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Текшерүү Улуттук онкология жана гематология борборунун 2 корпусундагы 217-бөлмөдө, күн сайын 09:00дөн 17:30га чейин өтөт. Саат 12ден 14кө чейин түшкү тыныгуу болот.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.
Скринингге келгенде паспортуңуз болуш керек. Текшерүү өтүүдөн 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Министрликтен текшерүүгө каршы көрсөтмөлөрдү эскертип кетишти:

  • кош бойлуулук;
  • менструация;
  • скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.

Ведомствонун маалыматында, аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 27-июнда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын кытайлык профессорлор менен жолугушуусунун жыйынтыгында чечилген.

Буга чейин, 25-27-январь күндөрү Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана БУУнун UNFPA фондунун колдоосу менен Чүйдө көкүрөк жана жатын рагынын алдын алуу максатында аялдарды акысыз текшерүүдөн өткөргөн. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй: Үч күн катары менен аялдарды көкүрөк жана жатын рагына акысыз текшерүү өнөктүгү жүрөт

Убакыт кыстайт, акча жетишсиз. Кыргызстандык аялдар рак менен кантип күрөшүп жатышат?