Султанбаев: MEGA жеке колго кетпейт, аны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алууну пландап жатат

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекетке караштуу MEGA («Альфа Телеком») уюлдук оператору жеке колдорго сатылары тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбук барагында жазды.

Мурдаарак Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги компания сатыкка коюлуп, аукцион өтөрүн билдирген.

Агенттиктин маалыматына ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын акцияларынын мамлекеттик үлүшүнүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сом. Электрондук аукциондо компаниянын 100% акциясын сатуу пландалууда.

Бирок Султанбаев мамлекеттин MEGA уюлдук операторуна байланыштуу пландары өзгөрбөгөнүн түшүндүрдү.

«Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо», — деп жазды ал.

Ошондой эле ал уюлдук оператор мамлекеттин карамагында калып, «өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салым кошуусун улантаарын» клшумчалады.

Анткен менен Султанбаев аукционго башка да компаниялар катышып, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сунуштагандан да чоң сумма сунушташса кандай болорун айткан жок. Аны менен катар Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтындагы аукцион эрежесинде эгер ага бир эле компания катышса ал өттү деп таанылбасы айтылат.

MegaCom (азыр MEGA) байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылы иштеп баштаган. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке келген убактылуу өкмөт өзүнүн декрети аркылуу компаниянын 49% акциясын улутташтырган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Андан бери өлкө бийлиги мамлекеттин менчигинде турган уюлдук операторду далай жолу сатууга аракет кылып, бирок андан майнап чыкпай келет. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январында Султанбаев MEGA мамлекеттин карамагында каларын билдирген.