Жалал-Абад: Супермаркеттин жанындагы массалык мушташтан кийин төрт адам кармалды

Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин жанындагы мушташка катыштыгы бар деп шектелип 21 жаштагы төрт бала кармалды. Бул тууралуу 5-июлда «Клоопко» шаардык милициядан билдиришти.

Буга чейин соцтармактарда окуянын видеосу тараган. Анда 20дай баланын мушташып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми милициянын маалыматына ылайык, 2-июль күнү милицияга топ балдардын мушташып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя боюнча ошол эле күнү териштирүү иштери башталган.

Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Учурда мушташтын башка катышуучулары изделүүдө.