Ош: Коомдук транспорттордо жол акыны «Элкарт» менен төлөө системасы иштей баштады

Эми Ош шаарындагы коомдук транспорттордо жол акыны «Элкарт» банк карталары менен төлөөгө болот. Бул тууралуу 6-июлда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда система №13-маршруттук линиядагы муниципалдык автобустарда жана шаардык троллейбустарда ишке киргизилди. 

Ушундай эле система ISUZU SAZ HC үлгүсүндөгү 40 муниципалдык автобуска орнотулары айтылды. 

Мэриядан жакын арада жол акысын мобилдик тиркемелер, Visa жана Mastercard аркылуу төлөө системасы ишке кирерин кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында маршрутканын жол акысы күндүз 15, кечкисин 20 сом болду

Ошто маршрутканын айдоочулары жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда