Ош: Зордуктоо ишин кыскартууну убадалап акча талап кылган тергөөчү акталды

Ош облустук соту зордуктоо боюнча ишти токтотуп берүүнү убадалап акча талап кылган Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсүн актоо боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Чечим үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда кабыл алынганы белгилүү болду

Маалыматка караганда, алгач райондук сот аны «иште кылмыштын курамы жок» деп актаган. Бирок райпрокуратура буга макул болбой, облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.

Ош облустук соту райондук соттун чечимин негиздүү деп таап, өкүмдү күчүндө калтырды.

Пара алууга шектелип кармалган тергөөчү. Сүрөт: УКМК

Зордуктоо ишин кыскартып берүүнү убадалап акча талап кылган тергөөчү 2021-жылы кармалган. Анда ал сотко чейинки өндүрүштү кыскартып берем деп шектүүдөн 20 миң сом каражат опузалаган. 

Тергөөчү УКМКнын камак жайына киргизилип, иликтөө башталган. 

Андан мурдараак Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек кыздын зордукталганы боюнча корутундуну берүү үчүн «сый акы талап кылган» судмедэксперт кармалган — аталган райондун тургуну милицияга кайрылып, кызматкер андан корутунду үчүн 1 100 сом алып, дагы 3 000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылып жатканына даттанган.

Андан кийин милиционерлер кызматкер өзүнүн таанышы аркылуу жабырлануучунун туугандарынан накталай акча алып жаткан учурун видеого тартып алышкан.

Окуядан соң милиция кызматкерлери медэкспертиза кызматкерин жана анын таанышын да кармашкан. ИИМ аталган кызматкер буга чейин да «укукка каршы аракети» үчүн жоопкерчиликке тартылганын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ишти кыскартып берүүнү убадалаган тергөөчү пара алып жатканда кармалды

Араван: Зордуктоо фактысы боюнча корутунду үчүн «сый акы талап кылган» экспертиза кызматкери кармалды