УКМК: Ишти кыскартып берүүнү убадалаган тергөөчү пара алып жатканда кармалды

Ош облусундагы Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты 8-июнда пара алууга шектелип кармалды. Ал УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөчү аял зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү «кыскартып берем» деп 20 миң сом өлчөмүндөгү каражат талап кылган.

УКМК тергөөчү аталган суммадагы параны алып жаткан жеринен кармаганын билдирди.

Буга чейин Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек кыздын зордукталганы боюнча корутундуну берүү үчүн «сый акы талап кылган» судмедэксперт кармалган — аталган райондун тургуну милицияга кайрылып, кызматкер андан корутунду үчүн 1 100 сом алып, дагы 3 000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылып жатканына даттанган.

Андан кийин милиционерлер кызматкер өзүнүн таанышы аркылуу жабырлануучунун туугандарынан накталай акча алып жаткан учурун видеого тартып алышкан.

Окуядан соң милиция кызматкерлери медэкспертиза кызматкерин жана анын таанышын да кармашкан. ИИМ аталган кызматкер буга чейин да «укукка каршы аракети» үчүн жоопкерчиликке тартылганын белгилеген.