УКМК курал-жарак сатуу менен алектенген милициянын майорун кармады

Бишкекте 5-июлда курал-жарак сатууга аракеттенген милициянын майору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнүн жашаган жери да тинтүүгө алынган. Анда ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрону жана 72 даана помпонун патрону табылды. 

Кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгенип келгени аныкталды.  

Учурда «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Тергөө уланып жатат. 

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырган милиция кызматкерлери кармалды

Кочкор: Кримтөбөл Көлбаевдин кишилери жана ага тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды