УКМК: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырган милиция кызматкерлери кармалды

26-декабрда УКМКнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысын жана анын кол алдындагы эки кызматкерди кармады.

Атайын кызматтан алар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү жасаган кылмышты жашыруу үчүн «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканын» белгилешти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда Сузак районунун Ырыс айыл аймагында «кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү» ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылган. Анын кесепетинен бир адам бычак жеп ооруканага жеткирилген.

УКМКдан жергиликтүү милиция кызматкерлери иш боюнча жетиштүү материалдар бар экенине карабастан, кылмышкерлерди кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшпөгөнүн белгилешти.

«Милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпаганы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Ошондой эле, аталган РИИБдин кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан», — дешти УКМКдан.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык , айрым шектүү милиция кызматкерлери баары бир кармалган. Алардан уруксат кагазы жок травматикалык тапанча алынган, аны каттоодон өткөрбөй, өздөрүнө ыйгарып алышкан. Тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда табылган.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана Кочкор РИИБнин кызматкерлерин кармоо учуру. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

9-декабрында УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсүн каракчылыкка шектеп кармаган. Калганы изделип жатат.

24-декабрда ушуга эле окшош иш боюнча Нарын облусунун Кочкор райондук милиция кызматкерлери кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, алар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүнө эч кандай чара көргөн эмес. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кафенин ээсин «зордуктап, кафени өрттөйбүз» деп коркутуп акча талап кылган.

ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков кармоо боюнча комментарий берип жатып, «жергиликтүү милиция кызматкери бандиттер менен дос, тууган жана тааныш болуп алышкан» деп айткан.