Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаров окуган мектеп 45 млн сомго оңдолот

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Түп районунун Кең-Суу айылындагы президент Садыр Жапаров окуган мектепти 45 млн 184 миң сомго оңдоону пландап жатат. Бул тууралуу 5-июлда мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган тендерден белгилүү болду. 

Тендердик жарыяга ылайык, 1969-жылы негизделген Сыдыкбеков атындагы №16 мектептин эски имараты капиталдык оңдоодон өтөт. Курулуш учурунда жылуулук берген отказан орнотуу, ошондой эле ички жана сырткы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Оңдоо иши жаңы окуу жылдын башына чейин бүтүрүлмөкчү.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында тулуп өскөн. Анын өмүр баянында аталган мектепти 1987-жылы аяктаганы айтылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, жылына мамлекеттик бюджеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө 100 млн сом бөлүнөт, бирок бул каражат чыгымдардын 24%ын гана жабууга жетет. Ошол эле учурда Кыргызстандагы мектептердин төрттөн биринен көбү авариялык абалда же капиталдык оңдоого муктаж

Автору: Медина Шамшидинова