Маевкада эки адамды өлтүрө коюп кеткен аскер кызматкери камакка алынды

Маевка айылында эки адамды өлтүрө коюп кетүүгө шектелген аскер кызматкери гауптвахтага камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолдиновго таянып билдирди.  

Анын айтымында, мас абалда жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат. 

Бул берене боюнча 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды аркалоо укугунан ажыратуу жазасы каралган.  

Аскер кызматкери эки жөө жүргүнчүнү коюп кетип, экөө тең каза тапкан окуя 5-июлда Чүй облусунун Маевка айылында болгон. Айдоочу мас абалда болгону айтылган