«Пайдалуу долбоор». «Ала-Тоо 24» бийликтин электр энергиясын жеке компанияга берүү чечимин актады

«Клооптун» 4-июлда жарык көргөн иликтөөсүндө Акылбек Жапаров башында турган өкмөт трансформатор жана электр чубалгыларына салынуучу инвестициянын ордуна Камбар-Ата-2 ГЭСинен 30 мегаватт электр энергиясын Бакиевдердин кланы менен байланышы бар «МБТ Строй» жеке компаниясына текейден арзан бере турганы жөнүндө сөз болгон. Бийлик даярдап жаткан келишим мамлекеттик электр энергияны майнинг үчүн колдонууга болбойт деген 2019-жылы күчүнө кирген тыюуну бузат.

Иликтөө ушунчалык резонанс жараткандыктан эртеси эле күнү энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Клооптун» маалыматына «тактоо киргизүү» үчүн чукул маалымат жыйынын өткөрүп, анда «Клооптун» маалыматтары толугу менен тастыкталган. Ал эми 6-июлда «Ала-Тоо 24» мамканалы сюжет көрсөтүп, бийликтин демилгесин «пайдалуу» деп атады.

Сюжетте телеканалдын журналисти Султан Мирбеков мамлекеттин кыйла арзан электр энергиясын майнинг фермасына берүү Кыргызстанга пайдасын гана берет деп, көрүүчүнү алты мүнөт бою ишендирүүгө аракет кылган. Болгону «айрымдар жаңы долбоорлорду туура эмес түшүнүп алып, маалыматтар башка нукка бурулуп кетип» жаткан экен.

«Өлкө жетекчили тарабынан колдоо тапкан»

Мамканалдын журналисти «МБТ Строй» менен келишимдин маанилүүлүгүн Кыргызстан гидропотенциалынын 10%ын гана колдонуп келе жатканы менен түшүндүргөн. Анын айтымында, Кыргызстан энергетикалык каатчылыктан чыгуу үчүн акыркы эки жылда жаңы ГЭСтер курулуп, эскилерин оңдоп жатат.

«Анын айынан [энергетикалык потенциал толук пайдаланылбай] суу башында турган өлкө электр жарыгын сырттан импорттойт. Уяла турган жорук», — дейт журналист.

Анын айтымында, «МБТ Строй» компаниясы Министрлер кабинетине өзү кайрылып, Камбар-Ата-2 ГЭСинде реконструкция жүргүзүүнү сунуштаган, ал эми өлкө жетекчилиги инвесторлордун демилгесин колдоп берген (сюжеттин бул жеринде президент Садыр Жапаровдун сүрөтү көрсөтүлөт — болбосо өкмөттүн тескемесине өкмөт башчысы Акылбек Жапаров кол койгон).


Президент Садыр Жапаров

«Түшүнбөй жатасыңар, бул башка»

«Клооп» июнда байкаган өкмөттүн токтомуна ылайык, «МБТ Строй» электр энергиясын Камбар-Ата-2 ГЭСте электр энергиясын чыгаруунун «пландык өндүрүштүк наркынын деңгээлинде» алат. Ал сом менен канча болору Акылбек Жапаровдун токтомунда айтылган эмес. Бирок 6-июлда энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Клооптун» тариф болжолдуу 0,6 сомду түзөт деген божомолун тастыктаган. Бул өлкө калкына ченемден ашык керектөө үчүн деп коюлган тарифтен дээрлик алты эсе арзан.

«Ала-Тоо 24» каналынын журналисттери бул жөнүндө үстүртөн эле мындай дешкен: «Ишкер [электр энергияны] сатып алат, бекер албайт». Ал түгүл өздөрүнө эмне үчүн жеке компания электр энергиясын өлкөдөгү майнинг үчүн коюлган бирдиктүү тариф (5,04 сомдон) менен эмес, 60 тыйындан сатып алышы керек деп суроо берип көрүшкөн эмес.

Аны айткандын ордуна Мирбеков «бизнес кандай иштерин» айтып берген.


«Ала-Тоо 24» каналындагы видеодон скриншот

Анын айтымында, инвесторлор энергетика тармагын модернизациялоого 1,5 млрд сомдун тегерегинде (6-июлдагы маалымат жыйында энергетика министринин орун басары 1-1,5 млрд сом деген) каражат салууну пландап жатат, ал эми бизнестин мыйзамы боюнча ишкер салган акчасын «чыгарып гана калбай» киреше да табышы керек.

Андан ары сюжетте энергетика министринин орун басарынын маалымат жыйындагы түшүндүрмөсү көрсөтүлгөн, анда чиновник жеке компания электр энергиясына 90 болобу же 50 тыйын болобу «өздүк наркы» боюнча төлөй турганын тастыктаган.

«Кемчилик издегендер»

«Ала-Тоо 24түн» журналисти бул келишимден «кемчилик издегендер» «МБТ Строй» Камбар-Ата-2де майнинг кылат деп маалымат таратканга аракет кылууда дейт.

«Бирок ансыз деле 13 жылдан бери колдонулбай турган 30 мегаваттык кубаттуулук толукталып, өндүрүлгөн электр жарыгы арзаныраак болсо дагы сатылып, айланып келип эле акча кайра казынага түшүп жатат го», — деп ишендирген ал. Электр энергиясы өздүк наркы менен 10 жылдык мөөнөткө майнерлерге алардын электр чубалгылары менен көмөкчордондордун инвестициясынын ордуна кетип жатса бюджетти кантип толтурарын журналист түшүндүргөн эмес.

Мирбеков сюжеттин аягында инвесторлорду үркүтпөй, колдоого чакырган, анткени «бул сиздин үйдө жарык өчпөйт дегенди билдирет». Бул кызыктай билдирүү. Себеби минкабдын токтомуна ылайык, «МБТ Строй» ГЭСтин инфраструктурасын модернизациялоого, «бекип турган» кубаттуулугун бошотууга жеке өзүнүн каражатын жумшап, бошотулган энергияны ушул реконструкция өзүн актагыча өз билгениндей колдонот.

Ал эми инвестиция өзүн актагандан кийин электр энергиясын керектөөнү улантан, бирок жаңы тариф менен. Анткен менен мамлекеттин электр энергиясын калган башка компанияларга майнинг үчүн керектөөгө тыюу салынган. Кандай болгон күндө да бул 30 мегаватт жарыкты кыргызстандыктар өз үйлөрүндө көрө албайт.

«Клооптун» иликтөөсү

«Клооп» өз иликтөөсүндө Министрлер кабинети Камбар-Ата-2 ГЭСтен бир жыл мурда каттоодон өткөн жана эч кимге белгисиз «МБТ Строй» компаниясына конкурс өткөрбөстөн эле «саноочу борборду» камсыздоого деп 30 мегаватт электр энергиясын бере турганын аныктаган. Энергетика министринин орун басары 6-июлда коммерсанттар аталган кубаттуулукту «Маалыматтарды иштетүү борбору» үчүн керектешерин тастыктаган, анын айтымында, ал майнинг ферма да болушу толук ыктымал.

«МБТ стройдун» негиздөөчүсү Зайцев Алексей Николаевич — Орусиядагы эң ири жана байыркы металлотрейдерлердин бири. Кыргызстанда анын дагы эки компаниясы бар: «А ГРУПП БШК» жана «А ГРУПП Восток». «МБТ строй» сыяктуу эле эки фирма тең Бишкектин Мурманская 56 жана 56А даректеринде катталган. Ошол эле жерде «Кыргызтемирдин» өндүрүштүк базасы да жайгашкан. Аны 15 жыл мурда Максим Бакиевдердин айланасындагы рейдерлер басып алган, база ошондон бери аларга таандык.

Тема боюнча: Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат

«Бакиевдердин майнинги». Министрлик «Клооптун» иликтөөсүндөгү маалыматтарды тастыктады