Чаткалда бир адам ок жеп ооруканага түштү, шектүү кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы тургуну октон жараат алып, оор абалда ооруканага түштү. Маалыматты «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Окуя 7-июлда 14:30 чамасында болгон. Жабырлануучуга бир нече жолу ок чыгарган 30 жаштагы шектүү кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Милициядан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Жабырлануучу менен шектүүнүн уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылууда. Бирок бул маалыматты милиция ырастай элек. 

ИИМдин маалыматына ылайык, учурда 1 200дөй киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Өткөн жылы кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган — алардын 17синин өзгөчө макамы бар.