Баткенде куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза тапты

Баткен облусунда ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып «Кабар» агенттиги жазды.  

Жоокер Лейлек районунун Мурас Баткен айылында жайгашкан 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. Ал куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болду. 

Коргоо министрлиги белгилегендей, окуянын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Быйыл ушуну менен Баткен облусунда аскер кызматкери каза тапкан экинчи окуя катталып жатат. 2023-жылдын февралында 21 жаштагы аскер бирге кызмат өтөп жүргөн жолдошун кокустан атып алган

2022-жылдын августтунда президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» катуу сөгүш жарыялаган.   

Ал убакта Коргоо министрлигинин башчысы кезектеги жоокер каза тапкан күндүн эртеси аталган тартиптик жазаны алган. 2022-жылдын 18-августунда Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институнун 19 жаштагы жоокери каза тапкан. Коргоо министрлигинин версиясы боюнча, ал да өзүн-өзү атып алган. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт: Жеңиш Айдаров / RFE/RL.